Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

«Саякбай» тарыхый көркөм тасмасы көрөрмандарга тартууланат

Turmush -  Залкар манасчы Саякбай Каралаевге арналган «Саякбай» тарыхый көркөм тасмасы көрөрмандарга тартууланат. Тасманын тар чөйрөдөгү бет ачары Бишкек шаарында 21-июнда өттү. Бул тасманын расмий бет ачары 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө болот.

Эрнест Абдыжапаров режиссерлук кылган тасманы тартуу иштери Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Семиз-Бел айылында 2015-жылдын октябрь айында башталып, 2016-жылдын октябрь айында жыйынтыктылган. Анда, Саякбай манасчынын ролун Марат Жанталиев аткарса, Чыңгыз Айтматовдун образын уулу Эльдар Айтматов жаратты. Элина Абай кызы Каныкейдин ролун аткарган. Ошондой эле, башкы ролдордо Бакытбек Нурмат уулу, кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөт уулу бар.

Тасма «Саякбай манасчы» эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраевдин жеке каржылоосу менен тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1273
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×