Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Т.Сарпашевдин ордуна Мамкаттоонун башчысы болуп 30 жаштагы Д.Догоев келди

Turmush -  Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 30 жаштагы Догоев Дастан Давлетович дайындалды. Бул тууралуу булактар Tazabek басылмасына маалымдаган.

Д.Догоев 2014-жылдын 4-июнунда мурунку премьер-министр Ж.Оторбаевдин буйругу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Д

Мамкаттоонун мурунку башчысы Тайырбек Сарпашев төрагалыктан 2017-жылдын 15-июнунда бошотулган. Ал кызматын өзүнүн арызынын негизинде 2017-жылдын 13-февралында ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишине байланыштуу убактылуу тапшырган болчу.

Аталган комиссия Башкы прокуратура тарабынан мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматындагы жоопкерчиликтүү адамдарга карата кылмыш иш козголгондон кийин түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5680
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу