Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Россия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти

Turmush -  Россия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти. Бул тууралуу 20-июнда Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдан бери Кыргызстандын Россияга болгон карызынын көлөмү 488,9 млн долларды түзгөн жана 2013-жылы 188,9 млн доллар карыз эсептен чыгарылып, 300 млн доллар карыздын мөөнөтү узартылган.

«2016-2017-жылдары 30 млн доллардан 60 млн доллар карыз жоюлган жана андан калган калдык 240 млн долларды түзгөн. Бүгүн калган карыз дагы жоюлду жана ал Россиянын парламенти тарабынан каралгандан кийин күчүнө кирип, биздин карыз толугу менен жоюлат», - деди А.Касымалиев.

Министр белгилегендей, ошондой эле Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Россиянын Федералдык казыначылык кызматы тарабынан кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Анда тажрыйба алмашуу, нормативдик-укуктук база жана башка багыттар боюнча жардам берүү камтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×