При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Оморбековдордун үй-бүлөсү гүлдөрдүн 80ден ашык түрүн өстүрдү (фото)

Turmush -  Талас районундагы Беш-Таш айылында жашаган Токтогул Оморбеков менен жубайы Чынар Оморбекова чарбагында гүлдөрдүн 80ден ашык түрлөрүн өстүрүшөт. Жубайлардын ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Экөөбүздүн баш кошконубузга 44 жыл болду. Ошондо эле жубайым гүл өстүрүүгө абдан кызыкчу. Кышында көптөр үйүбүздө бийик өскөн гүлдөргө суктанып кетишчү. Жаз айында көчөтүн тиккенден баштап жардам берип, жубайымдын айланага кооздук тартуулаган гүлдөрүнө каралашам. Биз өстүргөн гүлдөрдүн эң сулуусу — «ночная красавица». Ал түнкүсүн гүл ачат. Ошондой эле, чет мамлекеттерден алынып келген гүлдөр бар», - деди 65 жаштагы Т.Оморбеков.

Ч.Оморбекова гүл өстүрүүнү кичине кезинен бери жакшы көрө турганын кошумчалады.

«Алгач үйдүн ичинде өсүүчү гүлдөрдүн түрүн өстүрчүмүн. Акыркы 10 жылдан бери короого түрдүү гүлдөрдү өстүрүп баштадым. Ал эми гүлдөрдүн уруктарын Россиядан алдырабыз. Күн суукта уруктарды бир жолу колдонулуучу идиштерге сээп, үйдүн ичинде өстүрөм. Ал өсүп чыкканда медициналык ийне менен сугарып чоңойтом. Өсүп чыккан тамырды жазында эшикке жөөк салып отургузабыз.

Гүлдөрдү сатыкка чыгарбай, көбүнчө белекке беребиз. Өзүбүз кызыгып өстүргөнүбүз үчүн түйшүгү да билинбейт. Абышкам экөөбүз чарчаганда, кыйын учурларда гүлдөрүбүздү сугарып, тегерегин тазалап эс алып калабыз», - деди 63 жаштагы Ч.Оморбекова.

Былтыр аба ырайы жылуу болгондуктан гүлдөр жакшы өскөн.

«Чарбада гүлдүн 80 түрү бар болчу. Быйыл бир жылдык гүлдүн санын азайтып, көп жылдык гүлдөрдү көбөйтүүнү чечтим. Учурда гүлдөрдүн 50дөн ашык түрү бар. Чакан аянтта роза гүлүн кесилген бутакчасынан өстүрүп жатам», - деп кошумчалады.

Үлгүлүү жубайлар 2 уул, 5 кызды өстүрүп, жогорку билимдүү кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 483
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×