Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү батир толугу менен өрттөнүп, жашоочулар эвакуацияланды

Turmush -  Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 114/2 дарегинде жайгашкан 11 кабаттуу үйдүн 7-кабатында болжол менен саат 01:15те 100 чарчы метр аянттагы батир толугу менен күйүп кетти.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт саат 02:08 өчүрүлүп баштап, саат 03:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү учурунда 5-кабаттан 10-кабатка чейинки батирлерде жашаган адамдар эвакуацияланган.

Куткаруу кызматынын кызматкерлери 7-8-10-кабаттагы бекилип калган эшиктерди ачууга жардамшкан. Жабыркагандар жок жана өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3227
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×