Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан бошотулду

Turmush -  Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине булактар аркылуу белгилүү болду.

Т.Сарпашев бул кызматка 2015-жылдын ноябрь айында дайындалган. Ал кызматтан өзүнүн арызынын негизинде 2017-жылдын 13-февралында ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишине байланыштуу убактылуу бошотулган. Аталган комиссия Башкы прокуратура тарабынан мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматындагы жоопкерчиликтүү адамдарга карата кылмыш иш козголгондон кийин түзүлгөн болчу.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кылмыш иш К.Скрябин көчөсүндөгү жер тилкеге байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берененин 4-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгонун маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2263
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу