Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Парламенттин мурунку төрагасы А.Келдибековдун соттуулугу 5 айдан кийин жокко чыгарылат

Turmush -  Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда таратты.

«Бишкек шаардык сотунун чечими менен А.Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Бул өкүм Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган. Ал эми, айып пул 2016-жылдын 8-ноябрында толугу менен төлөнүп бүттү. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 76-берененин 3-бөлүмүндөгү 2-пункттун негизинде А.Келдибековдун соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат», - деп айтылат Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 46-беренеси боюнча, шайланган талапкерди каттоодон чыгаруу тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер соттуулугу жокко чыгарылбаганы тууралуу маалыматтарды, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенин, Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылганы же башка өлкөнүн жараны тууралуу маалыматтарды жашырып, бул фактылар далилденген учурда жокко чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3875
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу