Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Бишкекте республикалык «Белдемчи» кѳргѳзмѳсү өттү

Turmush -  Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Белдемчи» кѳргѳзмѳсү өттү. Көргөзмөгө Кыргызстандын музейлериндеги, жеке коллекциялардын, долбоордун алкагындагы этнографиялык материалдардын негизинде даярдалган, ошондой эле эл арасынан чогултулган белдемчилер коюлду. Ошондой эле, «Кийиз дүйнѳ – кѳчмѳн руху» долбоорунун катышуучуларынын реконструкциялаган эмгектери көрсөтүлдү.

Белдемчи — кыргыз аялдарынын эң байыркы кийимдеринин бири. Уюштуруучулардын айтымында, белдемчилер бири-биринен уруулук жана аймактар аралык ѳзгѳчѳлѳнүп, колдонулган кездеме, бычылышы, тигилишинен жана саймаланып кооздолушунан айырмаланат. Ал жылуу, ыңгайлуу жана кѳрктүү. Ар бир белдемчи уздун чеберчилигине жараша жасалат.

7-9-июнда өткөн республикалык көргөзмөнү «Миң Кыял» коомдук фонду, «Кийиз дүйнѳ – кѳчмѳн руху» долбоору жана «OYOUM group» чыгармачыл тобу уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1574
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу