При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Фото - Дубайда кыргызстандык сулуулар улуттук мурасты даңазалашты

Turmush -  Дубай шаарында кыргызстандык сулуулар арасында улуттук мурасты даңазалаган сынак өттү. Уюштуруучулардын айтымында, финалдык бөлүктөгү 8 катышуучунун ичинен бешөө Дубайда жашаса, үчөө Кыргызстандан чакырылган.

Катышуучулар сынактын шарты боюнча 7 облусту, Кыргызстанды тааныштырып, улуттук көйнөк, элечек кийип, улуттук тамак-аштарды жасап, ар түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жеңүүчүнү аныктоочу калыстар тобунун курамын Кыргызстандагы жана Дубайдагы маданият тармагындагы белгилүү адамдар түзгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында 1-орунга Сайкал Абылкасымова чыгып, 1 миң доллар акчалай сыйлык алды.
1
2-орунду Шахида Нурхаджиева ээлеп, 700 доллар белек тапшырылды.


2
3-орунга Сабина Өмүрова чыгып, 400 доллар тапшырылды.

3

Сынак Бириккен Араб Эмиратына кыргыздын улуттук маданиятын, мурасын, тарыхын, үрп-адатын жана Кыргыз Республикасын даңазалоо максатын көздөйт. Анын алкагында көрүүчүлөргө Кыргызстандан барган эстрада ырчылары дагы концерт тартуулашты.

Быйыл биринчи жолу өткөн бул сынакты Дубайда жашап, эмгектенип жүргөн кыргызстандык уюштуруучулар салтка айлантууну максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1169
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу