При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Видео - Кытайда зоопарктын кызматкерлери жолборсторго тирүү эшекти салып беришти

Turmush -  Кытайда зоопарктын кызматкерлери 3 жолборсту тамактандыруу үчүн тирүү эшекти салып беришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, окуя Чанчжоу шаарындагы зоопарктардын биринде болгон. Ошол учурда тартылган видеодон зоопарктын кызматкерлери тирүү эшекти жолборсторго салып бергенин көрүүгө болот. Андан соң, жырткыч жаныбарлардын бири эшекке кол салып, тиштеп баштаган.

Daily Mail басылмасынын билдиргенине караганда, жолборстор эшек менен жарым сааттай алышып, акыры өздөрүнүн көздөгөнүнө жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4086
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×