Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Россияда 20 жаштагы кыз чачын башка түскө боёгондон кийин каза болду

Turmush -  Россиянын Москва шаарында 20 жаштагы өзбекстандык кыз чачын боёгондон кийин жакындарынын колунда каза болду. Окуя 2-июнда аталган шаардагы Стрельбище көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, каза болгон кыз Москвада тазалагыч болуп иштечү. Ал 2-июнь күнү эжеси экөө шаарды кыдырып, кечинде апасынан чачын боёп берүүсүн суранган. Буга чейин ал кара чачын ачык түскө боёгон. Бул жолу да ушул эле түстү колдонуп, үй шартында апасы чачын боёп бергенден кийин дароо абалы начарлаган. Башы айланып, катуу ооруп жатканын айткан. Анын жакындары ооруну жок кылуучу дары беришкен. Бирок, кыздын абалы оорлоп, деми кыстыгып, эс-учун жоготуп, денесин калтырак басып баштаган. Ата-энеси кызды үйүнө жакын жайгашкан төрөтканага алып барышкан. Ошол эле маалда тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок, кыз ал учурда эсине келбей каза болуп калган.

Дарыгерлер күтүүсүз өлүмгө ден соолукка кайдыгер мамиле кылуу себеп болгонун айтышууда.

Кыздын жакындарынын билдиргенине караганда, ал акыркы күндөрү жүрөгү ооруп жатканын айтып, нааразы болгон. Мындан тышкары, эки айдан бери денесин калтырак басып ооруп келген. Ата-энесинин ооруканага бар деген сунушуна макул болбой койгон.

Кыздын мурунку ооруларына боёктун жыты таасир бериши мүмкүндүгү айтылууда. Азыркы тапта өлүмдүн так себебин билүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5768
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×