Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин директору Ж.Эгамбердиева башка кызматка которулду

Turmush -  Жумагүл Эгамбердиева Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорлугунан бошотулду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун бүгүн, 6-июнда билдирди.

Ж.Эгамбердиева бул кызматка 2016-жылдын 15-сентябрында дайындалган. Ага чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген. Ал «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын башчысы болуп дайындалганын Tazabek басылмасына анын орун басары Рустамбек Тагаев билдирди.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1284
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу