При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кыргызстандык С.Төлөгөнтегин Россиядагы шахмат фестивалында алтын тагынды

Turmush -  Кыргызстандык Семетей Төлөгөнтегин Россиянын Челябинск шаарында өткөн шахмат боюнча фестивалда 1-орунду багындырды. Челябинск шахмат мектебинен билдиргендей, С.Төлөгөнтегин А турниринде 10 эл аралык чеберлердин жана гроссмейстерлердин арасында беттешке чыкты.

А турнири айланма системасында өттү. Анда, кыргызстандык спортчу 9 беттеш өткөрүп, төртөөсүндө жеңип, беш жолу теңме-тең чыкты. Мелдештин жыйынтыгында 6,5 упай алган С.Төлөгөнтегин 1-орунду камсыздап, алтын медаль тагынды. Анын атаандашы сербиялык Мирослав Тошич кошумча көрсөткүчтөр боюнча жеңишти кыргызстандык спортчуга алдырып, 2-орунду ээледи. Ал эми, коло медалды россиялык Артем Фролов утуп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу