Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баракелде

Фото - АКШнын экс-президенти Обама Вашингтондон 8,1 млн долларга үй сатып алды

Turmush -  АКШнын экс-президенти Барак Обама Вашингтондун белгилүү районунан 8,1 млн долларга үй сатып алды, деп жазат Washington Post.

Обама үй-бүлөсү менен Ак үйдөн кеткенден кийин Калорама районунан ижарага үй алган. Кийинчерээк Обама ошол үйдү сатып алууну чечкен.

АКШнын мурунку президентинин пресс-катчысы маалымдагандай, Обаманын үй-бүлөсү борбордо жок дегенде дагы 2,5 жыл жашайт. Ал убакка чейин Обаманын кызы Саша Вашингтондогу мектепти аяктап калат.

Үйдө 8 уктоочу бөлмө жана 9 санитардык түйүн бар. Үй 2000-жылдары курулуп, 2011-жылы кайра калыбына келтирилген. Үй мурун Билл Клинтондун пресс-катчысы Джо Локхартага тийиштүү болгон. Мындан тышкары, бул райондо Дональд Трамптын кызы Иванканын жана Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безостун үйү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5305
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×