При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

«Реал» менен «Манчестер Сити» франциялык футболчу К.Мбаппе үчүн 130 млн евро сунушташты

Turmush -  Франциянын «Монако» футбол клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе командасын алмаштырып калышы мүмкүн.

Eurosport басылмасынын маалыматына караганда, француз чабуулчусуна испаниялык «Реал» менен англиялык «Манчестер Сити» «куда» түшүп жатат. «Монаконун» жетекчилиги 18 жаштагы футболчусун 120 млн еврого сатуудан баш тарткандан кийин, «Реал» сумманы 130 млн еврого чейин көтөргөн. Бирок, «Манчестер Сити» клубу дагы футболчу үчүн 130 млн евро төлөгөнгө даяр экендигин билдирди. «Монако» азырынча алардын сунуштарына жооп бере элек.

Килиан Мбаппе клубун алмаштырып калса ал футбол тарыхындагы эң кымбат футболчу болот. Учурдагы эң кымбат футболчу — франциялык жарым коргоочу Поль Погбаны «Манчестер Юнайтед» италиялык «Ювентустан» 105 млн еврого сатып алган.

Мбаппе бул жылы Франциянын чемпионатында 15 гол киргизген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу