Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында эки медаль багындырды (фото)

Turmush -  Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдын Гонконг шаарында өткөн Азия чемпионатында эки медаль багындырды.

Маалым болгондой, 26-28-майда өткөн чемпионатка дзюдо боюнча курама командадан жалпы 10 спортчу катышты. Алардын төртөө кыздар. Мелдеште Владимир Золоев жана Юрий Краковецкий жакшы жыйынтык көрсөтүп, байгелүү орундарга чыгышты. Алар Кыргызстандын куржунуна эки коло медаль салышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпы Азия чемпионаттарынан 11 медаль утушкан. Анын ичинде 3 күмүш жана 8 коло бар.

2015-жылы Кувейтте өткөн Азия чемпионатында Отар Бестаев коло, Юрий Краковецкий күмүш багындырган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1791
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×