Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Орозонун организмге пайдалуу экенин далилдеген япониялык окумуштуу Нобель сыйлыгын алды

Turmush -  Япониялык окумуштуу Ёсинори Осуми орозо кармоо ден соолукка пайдалуу экендигин далилдеп, Нобель сыйлыгына татыды, деп жазат «Комсомольская правда» басылмасы.

Япониянын молекулярдык биологу, окумуштуусу Ёсинори Осуми физиология жана медицина тармагында аутофагия механизмдерин изилдегени үчүн бул сыйлыкка ээ болгон. Осуми Токио технологиялык институтунда иштейт.

Аутофагия – бул организмдеги керексиз клеткалардын кайра иштетилип, тазалануу процесси. Грек тилинен «өзүн-өзү жеген» деп которулат. Аутофагия процесси тууралуу окумуштуулар өткөн кылымдын 60-жылдарында эле кабардар болушкан. Бирок, анын иштөө механизмин толугу менен түшүнө алышкан эмес. Ал эми окумуштуу Осуми изилдөө ишинин жыйынтыгында бул процесс үчүн жооп бере турган гендерди да таап чыккан.

Ёсинори Осуминин ачылышына таянсак, клеткалардагы «таштанды заттар» атайын «аутофагосома» деген капка чогулуп, лизосома контейнерине жайгашат. Лизосомада таштанды заттар өзүнөн-өзү жок болот же кайра иштетилет. Кайра иштетилген заттар жаңы клеткалардын пайда болуусу үчүн «куруучу блок» кызматын аткарат. Аутофагиянын аркасында организм түрдүү инфекциялар менен токсиндерден кутулат. Ал эми бул пайдалуу процесс организм стрессти сезгенде, мисалы, ачка болгондо интенсивдүү түрдө иштей баштайт. Аутофагиянын жардамы менен клетка ар кандай токсиндерден жана ага түшкөн жугуштуу ылаңдан тазаланат. Мындан улам ачка болуу же орозо кармоо ден соолукка пайдалуу экендиги, бул учурда организм толугу менен тазаланары Нобелдик комитет табарынан тастыкталган.

Ёсинори Осуми 1945-жылы туулган. Окумуштуу өзүнүн ачылышы үчүн 950 миң доллар сый акысын Швециянын Стокгольм шаарында 2016-жылдын 10-декабрында алган. Ал медицина багыты боюнча 107-лауреат болуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 28222
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
pandro
21:52, 26 мая 2017
Анда нобель премисын орозону тапкан кишиге бериш керек!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×