Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Улуттук банктын жетекчиси Т.Абдыгулов айына 120 миң сом маяна алат

Turmush -  КРнын Улуттук банкынын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов Tazabek жана АКИpress басылмаларына өзүнүн айлык маянасынын көлөмүн ачыктады.

Ага журналист 230 миң сом маянага кандай жашап жаткандыгын сурады. Толкунбек Абдыгулов жакшы же жаман жашоо бул индивидуалдуу суроо экендигин айтты.

«Маяна жоопкерчиликтин даражасы менен ченелгендигин эске алганда нормалдуу эле. Бул декларацияда так көрсөтүлөт. Бизге айлык маянаны президент бекитет. Менин маянам 120 миң сомду түзөт. Мен бул жөнүндө өткөн жылы да айткам», - деди Улуттук банктын жетекчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5830
Көп окулду
×