Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Фото - Бакуда А.Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы коло тагынды

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Баку шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында алтын тагынды. Ал  бүгүн, 21-майда 58 кг салмакка чейинкилер менен килем үстүнө чыгып, финалда Европа-2017 чемпионатынын коло байгесинин ээси болгон азербайжандык Алена Колесникти жеңди. Чечүүчү мелдеш 5:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Биринчи айлампада Алена Колесник түркиялык Дерия Байханды 14:6 эсебинде жеңген. Ал эми, экинчи турда түркиялык спортчуну А.Тыныбекова 10:0 эсебинде жеңип чыкты.


Ошондой эле, 75 кг салмак даражасы боюнча кыргызстандык Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду. Ал алгачкы беттеште Казакстандын спортчусун жеңип, бирок, Түркия менен Азербайжандын спортчуларына жеңилип калган.

Андан кийин Египеттин балбаны Самар Ханза менен килем үстүнө чыгып, 3:1 эсебинде жеңүүчү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×