Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Айсулуу Тыныбекова Бакуда алтын үчүн беттешет

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Баку шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарынын финалына чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн күч сынашат.

А.Тыныбекова бүгүн, 21-майда 58 кг салмакка чейинкилер менен килем үстүнө чыкты. Биринчи айлампада Европа-2017 чемпионатынын коло байгесинин ээси болгон азербайжандык Алена Колесник түркиялык Дерия Байханды 14:6 эсебинде жеңди. Ал эми, экинчи турда түркиялык спортчуну А.Тыныбекова 10:0 эсебинде жеңип чыкты.

Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө баштала турган мелдеште А.Тыныбекова менен Колесник күч сынашып, жеңүүчү болгон тарап алтын медаль тагынат.

Ошондой эле, 75 кг салмак даражасы боюнча кыргызстандык Айпери Медет кызы Казакстандын спортчусун жеңип, бирок, Түркия менен Азербайжандын спортчуларына жеңилип калды. Эми ал Египеттин балбаны Самар Ханза менен килем үстүнө чыгат. Жеңүүчү болгон балбан коло байгеге ээ болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2289
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×