Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Жаш акын А.Токтоналиеванын алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү

Turmush -  Жаш акын Айгерим Токтоналиеванын алгачкы ырлар жыйнагы жарыкка чыкты. Акын кыз «Мен тапкан үмүт» жыйнагынын бет ачар аземи 27-май күнү Бишкек шаарында өтө турганын билдирди.

Айгерим Жаш таланттын китеби 500 нуска менен жарык көрүп, турмуштук, мекен жана сүйүү темасындагы ырлары камтылган. Анын баш сөзүн адабиятчы жана сынчы Улан Турдалиев жазды.

25 жаштагы Айгерим Нарын облусунда төрөлүп, өскөн. Бишкек шаарындагы Гуманитардык университеттен орус тили жана славян бөлүмүнөн жана журналистика боюнча жогорку билим алган. Учурда борбордо журналисттик кесипте эмгектенүүдө.

Билем бирок...

Ооба, күндөр,
Окшош, окшош көңүлсүз.
Ойго салган мендей жалгыз селкини,
Ошол түндөр.
Окшош, окшош өмүр суз,
Ойгото албайт бул сезимди эч бири.

Ооба билем,
Сен да мени сүйөсүң.
Карегиңе каректерим тартылып,
Түшкө кирем.
Сен сагынып жүрөсүң,
Кусалыкта калбас үчүн жанчылып.

Мына апа,
Түк түшүнбөйм мүнөзүн.
Түпкүрүмдө өзүм сүйгөн жигиттин,
Болом капа.
Көктүгүмө мен өзүм,
Көөдөнүмдү келбеген соң жибитким.

Билем бирок,
Ал да мендей капалуу.
Арманы күч ар бир таңды атырат,
Бизде бир ок
Жүрөктөрдө атылуу,
Сырды, муңду, ак сүйүүнү жашырат...

Билем бирок,
Кош сезимдер кол серпип,
Кур намыстан чын сезимге ашыгат...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2234
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×