Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык Д.Нарматова 25 жылдан бери шырдак жасап, кыздардын себин даярдайт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 48 жаштагы тургуну Динара Нарматова 25 жылдан бери шырдак, кыздардын себине жууркан, жер төшөк жана башка көптөгөн буюмдарды жасап келет. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, үйүнүн ар бир бөлмөсүнө шырдак жасап салып койгон.

«Бул уузчулук өнөрдү бала кезимден эле үйрөнүп, 25 жылдан бери шырдактын түрүн, жууркан, төшөк, жаздыкча жасап, түймө түйүп, аялзатына керектүү буюмдарды жасап келем. Мурун жасаган эмгектеримдин көпчүлүгүн сатып жүрсөм, азыр болсо үйгө дагы кам көрүп, жерге салган килемчелердин ордуна шырдактарымды салып койдум», - деди ал.

Д.Нарматова мындан сырткары буйрутма алып, шырдактын оюусун оюп, кээ бирин шырып да берет.

«Айыл ичинде дагы шырдак жасоого кызыккан келиндер көп. Азыркы тапта алардын шырдактарын оюп, кээ бирин шырып эле берип жатам», - деди ал.

Кол өнөрчү жолдошу Т.Калчаев менен бирге түтүн булатып жашагандарына 19 жылдын жүзү болду.

«Жолдошум экөөбүздүн 2 кыз, 2 уулубуз бар. Уул-кыздарыбызга татыктуу тарбия берүү биздин негизги максатыбыз. Алардын илимдүү-билимдүү болуусуна аракетибизди жумшайбыз. Улуу кызым Айдананын кесиби журналист, турмушка чыккан. Андан кийинки уулум Сүйүндүк "Нур" мектебинде чечендик өнөр сабагынан мугалим. Үчүнчү уулум Кубандык 13 жашта мектепте 4-5 деген баага окуйт. Кичүү кызым Бегимжан 11 жашта мектепте эң жакшы окуган окуучулардын катарында», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 992
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу