При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик Г.Матхалыкова Россияда өстүргөн айгүл гүлдөр гүл ачты (фото)

Turmush -  Россияда иштеген баткендик Гуля Матхалыкова Одинцово шаарында өстүрүа жаткан айгүл гүлдөрү гүл ачты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, Одинцово шаарында айгүл гүлдөрүн өстүрүп жатканына 5 жыл болгон. Бул аралыктар айгүлдөр быйыл гана гүл ачты.

«Мага бул гүлдү тааныштарым Владимировский облусунан алып келишкен. Алардын айтымында, мындай гүлдөрдү Молдавия жана Украина дагы көп өстүрүшөт экен. Мен гүлдү алган убагымдан баштап эле өзүм жашап жаткан көп кабатуу үйдүн астындагы короонун бир аз жайын атайын ар тарабынан тосуп карап, өстүрүп баштадым. Бирок 4 жыл карап, өстүргөн гүлүм эч эле гүлүн ачкан жок. Быйылкы жылы эккен гүлүмдү үзүп, 1 ай атайын үйдө сактап, эс алдырып кайра эгип көрдүм. Эс алдырып эккенден кийин эле айгүл гүлү гүлүн ачты. Гүлүн ачкандан кийин бир аз өзгөчө жыты менен бардык майда үй жаныбарларын өзүнөн алыстатып турат.

Бул гүл мага назиктиги жана өзгөчө гүл ачканы, боюнун узундугу менен жагат. Ачкан гүлүнүн түсү кызгылт сары түстө. Азыр 4 даана болсо дагы жакшы карап, өстүрүп жаткан убагым. Кыргызстандан канчалык алыста болсом да өзүбүздүн атактуу гүлүбүздү башка жерде өстүрүп жатканыма кубанам», - деди Г.Матхалыкова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 946
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×