Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Нарындык баатыр эне К.Тойтукова көлдөлөң жасоонун сырларын үйрөттү (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылынын 65 жаштагы тургуну Кишимкан Тойтукова 35 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 24 жыл мугалим болуп эмгектенген. Мугалимдик менен кошо кол өнөрчүлүктү да аркалап келе жатат.

«1972-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайдын, башталгыч классынын мугалими бөлүмүн аяктап, мектепте 19 жыл сабак берип, ошондой эле айылыбыздагы бала бакчада 5 жыл тарбиячы болуп иштедим. Андан сырткары 35 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Алгач 30 жашымда кошуналарым шырдак, көлдөлөң жасап жатканын көрүп кызыгып, үйрөнүп калдым. Жасагандарымды кыздарыма сеп кылып берип, учурда неберелериме камдап жатам. Ошондой эле, шоона (шырдактын жиби), жээк жасап, 500 жогору сатыкка чыгарам.

Негизи көлдөлөңдүн жасалышы шырдактыкынан кыйыныраак болуп, 1 көлдөлөң 2 айда толугу менен бүтөт. Негизи бир көлдөлөң жасоо үчүн койдун же козунун 10 териси керектелип, аларды 5 күн туздап коёбуз. Андан кийин айран менен ашатып, кургаганда айна менен жууп, катуу болуп калбашы үчүн кайра чала кургатып алабыз. Чала кургаган терини чоюп, ийлеп, кесип алып жана ар кандай оюларды түшүрүп, алдына кездеме коюп тигип алып, ичине жүн салып, көктөп коёбуз. Көлдөлөң толугу менен даяр болот», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу Ж.Үсөналиев менен 1970-жылы баш кошуп, 10 баланы тарбиялап өстүрүшкөн.

«18 жашымда жолдошум Ж.Үсөналиевге турмушка чыгып, 7 кыз, 3 уулду тарбиялалдык. Сегизи жогорку билимге ээ болуп, кээ бири өз кесиби менен иштеп жатышат. Балдарымдын улуусу 44 жашта болсо, кичүүсү 26 жашта. Учурда 30 небере, 1 чөбөрөм бар. «Баатыр эне» наамын 1999-жылы алдым. Жолдошум мындан 7 жыл мурун көз жумган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1294
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу