При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Грек-рим күрөшүнүн кыргызстандык балбаны Ж.Кыйлыбаев Ислам шериктештиги оюндарында күмүш тагынды (фото)

Turmush -  Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанат Кыйлыбаев Азербайжандын Баку шаарында өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль тагынды. Ал кечээ, 18-майда, финалда алтын үчүн азербайжандык балбан Камран Маммадов менен беттешип, андан утулуп, 2-орунга ээ болду.

Маалым болгондой, 66 кг чейинки салмакта күрөшкөн Жанат Кыйлыбаев чейрек финалда Абдулсамет Гунал аттуу спортчуну 4:3 эсебинде, ал эми жарым финалда Иорданиянын балбаны Махмуд Ахме Дахшан Ахмадды 8:0 эсебинде жеңип алды.

Буга чейин, 17-майда, грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Кыргызстандын куржунуна бир алтын жана эки коло медаль алып келишти.

1e8a7f166ab29aeed28522f6d8178987_500_0_0

3d6821b82f61334838f7b59606fd7eaf_500_0_0

27d2dc81d58806dc4cbf82c75612dd03_500_0_0

72cc7ea04e47cf11be31b9a4e630543a_500_0_0

649fc795d74fa9039c3ee3de50f420af_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 373
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×