Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21

Айыл турмушу: Токмоктук Любовь майрамдарга кагаздан жана шурудан кооз гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 32 жаштагы тургуну Любовь Валерьевна кол өнөрчүлүк менен көп жылдан бери алектенип, кооз буюмдарды жасайт. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Эң биринчи шурудан роза гүлдөрдү жасап баштагам. Кийин бир буюм менен чектелбейин деп, өз алдымча издене баштадым. Ошентип көп буюмдарга кызыктым. Бирок, алардын барын жасаган жокмун. Жакканын гана тандадым. Түрлүү кагаздардан гүл жасап, кийим-кечелерди токуп жатканыма быйыл 3 жыл болду», - деди чебер кол өнөрчү.

Анын жасаган буюмдары 150 сомдон 1,5 миң сомго чейин бааланат.

«Көбүнчө майрамдарда сатып алуучулардын саны көбөйөт. Жакында трикотаж жибинен кол баштыктарын токууну пландап жатам. Негизи эле трикотаждан токуганды аябай жактырам. Өзүм үчүн жаңы жолдорду ачууга бардык аракеттерди кылып жатам», - деди ал.

Чебер айым үй-бүлөлүү. Кол өнөрчүлүктөн сырткары сатуучу болуп эмгектенет.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×