При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө эгиздүү болгон 8 балалуу жаш үй-бүлө көп жылдан бери вагондо жашайт (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск шаарчасындагы көп балалуу үй-бүлө вагондо жашап келет, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жубайлар Адыл Алпаров менен Надира Шакенованын 8 баласы бар. Алардын үчөө кыз, бешөө эркек. Эң улуу кызы 10-класста окуса, Рамазан жана Раяна аттуу эгиздердин төрөлгөнүнө бир ай боло элек.

Н.Шакенова азырынча алардын үй курууга шарттары жок экенин белгиледи.

«Үй курууга азырынча шартыбыз жок. Жолдошумдун туруктуу иши жок болгондугуна байланыштуу кээде иш чыга калганда гана иштеп келгени болбосо, негизи үйдө балдарды каралашат. Биз «Орион» багбанчылык коомуна тийиштүү вагондо 2008-жылдан бери жашап келебиз. Балдарыбыз биринин кийимин экинчиси кийип, чоңоюп жатышат. Алар элге пайдасы тийген кесип ээлери болуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүнү кыялданышат», - деди Н.Шакенова.

Ал белгилегендей, балдар үчүн мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулга керектүү азык-түлүктөрдү алышат.

«Улуу кызыбыз Сезим 10-класста окуйт. Ал окуудагы жетишкендиктери үчүн мектептин президенти болгон. Андан кийинки балдарым Ислам 3-класста, Баэль 2-класста, Эламан 1-класста окушат. Алар күн сайын 3 чакырым жолду жөө басып, Михайловка айылындагы Тарас Шевченко атындагы орто мектептен окуп келишет. Балдар үчүн жөлөк пул алабыз. Ал күнүмдүк тамак-ашка жумшалат», - деди ал.

Эгиздерин операция жолу менен төрөгөн 34 жаштагы эне айыл аймактын жетекчилиги 400 сом сүйүнчү бергенин айтып, «Баатыр эне» наамын ала электигин белгиледи.

Ал эми, Адыл Апараев жер тилке алуу үчүн арыз берип, кезекке турганын айтты.

Көп балалуу үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0703 12 82 06, 0709 181279 номерлери аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2606
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу