Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Венгриядагы гранттык окууга чиновниктердин балдары тандалган, - депутат Ж.Акаев (видео)

Turmush -  Венгриядагы гранттык окууга чиновниктердин, өкмөттүн өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин балдары тандалган. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Депутат былтыр Венгрия менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүлүп, анын алкагында Венгрия жыл сайын кыргызстандык 25 студентти бекер окутууну мойнуна алгандыгын эскертти.

«Мага аталган сынакка документ жөнөткөн балдардын ата-энелери кайрылышууда. Алардын саны 100дөн ашат. Кандай себептер менен экендиги белгисиз бирок, балдардын документтери Венгрияга жөнөтүлгөн эмес. Алардын ордуна башка тизме жөнөтүлгөн. Анын курамына чиновнитердин балдары, өкмөттүн өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигин статс-катчысынын, депутаттын жана айыл өкмөттүн балдары кирген. Эгерде министрликтин сайтына кирип карасаңар, сунушталган студенттердин тизмеси жарыяланган эмес», - деди депутат.

Ошодой эле ал, чиновниктердин балдарынан тышкары окууга умтулган жөнөкөй жарандардын балдары дагы бар экендигин кошумчалады.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен Венгриядагы гранттык окууга сынак ачык өткөнүн билдиришти.

«Тизмеде чындыгында депутаттын баласы болгон, бирок ал сынактан өтпөй калган. Экзаменди биз эмес, кабыл алуучу тарап кабыл алат. Биз болгону документ боюнча болжолдуу тандоо жүргүзөбүз», - деп билдиришти министрликтен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1066
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу