При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Соттошуп жүрүп Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болгон А.Бечеловдун маселеси министрликтеги коллегияда каралат

Turmush -  Бүгүн, 18-майда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде өтүүчү коллегияда Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечеловдун да маселеси каралат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Г. Кудайбердиева жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коллегияда 3 райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын кызмат ордулары каралат.

«А.Бечеловго байланышкан маалыматтарды окуп, таанышып чыккан соң аны коллегияга алып чыгабыз», - деди министр.

Билим берүү жана илим министри билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча жүрүп жаткан долбоорлор боюнча да кеңири маалымат берди. Маалым болгондой, билим берүү тармагындагы жетекчилерди баалоо багытына жаңы өзгөрүүлөр кирди. Жаңы багытка карай ай сайын коллегияда саналуу жетекчилердин ишмердиги жаңыдан кабыл алынган критерийлер боюнча каралып, анализге алынат.

Жетекчилердин ишин баалоонун жыйынтыктары боюнча маалымат менен коомчулук, ата-энелер кабардар боло алышат. Жаңы окуу жылынан тарта информатика, англис тили сабактары көбөйтүлөт.

«Англис тили боюнча окуу куралдар даярдалып жатат. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен мектептерди китептер менен камсыздоо жолго коюлат. Бирок, англис тилинен сабак берген мугалимдердин жетишсиздиги көйгөй жаратуусу мүмкүн. Бул маселени да карап жатабыз», - деди ал.

Ошондой эле, ал жогорку, орто окуу жайлардын алкагындагы суроолорго жооп берип жатып, келээрки жылдан тарта жогорку, орто окуу жайын бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу да анализге алынаарын, эки баскыч менен сурамжылоо жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Министр маалымдагандай, өлкөдө 200 бала бакча жетишсиз. Акыркы 6 жыл аралыгында бала бакчалардын саны өстү, бул багытта дагы иш алып барылууда. Жалпы билим берүүчү мекемелердин 400ү интернет менен туташтырылган, быйыл 775 мектеп интернетке уланмакчы. Ал эми мугалимдер маянаны базар шартына карап кайрадан көтөрүү жагын кароону, орус тилдүү мектептерде мугалимдердин жетишсиздигин көтөрүштү. Бала бакчанын өкүлдөрү бакчада эмгектенген техникалык кызматкерлердин маяналары аз экендигин айтып чыгышты.

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Калчаев шаарда бала бакча, мектеп жетишсиздиги күч экенин белгиледи. Анын айтымында, статистикалык маалыматка караганда, 1-7 жашка чейин 17 миңден ашуун бала катталган. Учурда 4379 бала мамлекеттик бакчаларга, 337 бала менчик бакчаларга барууда.

Буга чейин маалымдалгандай, А.Бечелов 2014-жылдын февраль айынан бери КРнын Билим берүү министрлиги менен соттошуп келген. Тактап айтканда, 2014-жылы ал Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Билим берүү жана илим министринин буйругу менен дайындалган. Бирок, ошол мезгилдеги район акими Н.Мирзахмедов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын дайындоого район жетекчилиги менен макулдашуу болбогонун жана башка себептерди айтып, анын кызматка келүүсүнө каршы болгон. Мындан улам министрлик буйругун эки аптадан кийин кайтарып алган. Бул абалга нааразы болгон Алмазбек Бечелов министрлик менен соттошуп келген. Кийин кайрадан соттун чечими менен кызматына келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 224
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×