Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Түркиянын президентинин жансакчылары АКШда митингге чыккандарды сабап салышты (видео)

Turmush -  Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын жансакчылары Түркиянын АКШдагы элчилигинин алдына митингге чыккандарды сабап салышты. Бул тууралуу AFP маалымдады.

Маалыматка караганда, Реджеп Тайип Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар түрк лидеринин келишине каршы акцияга чыгышкан. Эрдогандын жансакчылары күрддөрдүн «Демократиялык союз» партиясынын желектерин кармап акцияга чыккандарга кол салган. Аларды полиция ажыратып калды. 10го жакын адам жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бир адам оор абалда. Мушташуудан кийин 2 адам кармалып, полицияга кол салуу боюнча айып тагылды.

АКШ бийлиги бул окуяны тынчтык митингге чыккандарга кол салуу деп баалап, катуу тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1044
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу