Turmush - Швейцариянын Женева шаарында алмаз ташынан жасалган сөйкө аукционго коюлуп, 57 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Европа 1 радиостанциясынын маалыматына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалым болгондой, тамчынын образын берген сөйкөнүн бир түгөйү көк алмаз ташынан жасалса, экинчиси кызгылт өңдөгү алмаздан жасалган. Аукциондо сөйкөнүн ар бир түгөйү өз-өзүнчө салмакталып көрсөтүлдү. «Apollo Blue» деп аталган көк алмаз сөйкөсүнүн салмагы 14,5 каратка (карат — алмаз жана башка баалуу таштардын өлчөө бирдиги), ал эми, «Artémis Pink» аталышындагы кызгылт алмаз ташынын салмагы 16 каратка барабар.
Буга чейин, бул алмаз таштар шакектин бир бөлүгү болгон. Алар аукциондо сатылган эң кымбат баалуу таштардын бири болуп калды. Сөйкөнү Азиядан анонимдүү кардар сатып алды.