Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Өкмөт башчыны күткөн жумгалдыктар жолдорду түздөп, таштандыларды тазалап жатышат, - тургундар (фото)

Turmush -  Өкмөт башчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун айрым ирригациялык тармактарын жана түндүк-түштүк унаа жолун көрүү үчүн келет. С.Жээнбековду тосуп алуу үчүн, жумгалдыктар жолдорду түздөп, таштандыларды төгүп, даярдыктарды көрүп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

«Өкмөт башчы же министр келет дегенде эле каралбаган жолдорубуз каралып, оңдолуп, таштандылар тазаланып калат. Биз жолдор түздөлүп жана тазаланып калса эле чоңдор келе жатканын билебиз. Ушуну өз убагында гана оңдоп-түздөп турушса жакшы болмок», - деди тургундар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2337
Көп окулду
×