Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Өзбекстандын президентинин жубайы Пекинде өзүнүн сулуулугу менен суктандырды (фото, видео)

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Казакстан, Россия, Беларусия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн лидердеринин катарында Кытайда иш сапары менен жүрөт.

Өзбекстандын президенти жубайы менен Пекинге 11-майда учуп келишти жана бир нече ММКлар президенттин жубайынын сулуулугуна көңүл бурушту, деп жазат өзбекстандык ММКлардын бири.


«Өзбекстандын делегациясын «Шоуду» эл аралык аэропортунда Кытайдын расмий өкүлдөрү тосуп алышты. Президенттин урматына аэропортто ардактуу караулу тизилди», деп маалымдаган президенттин басма сөз кызматы.

Зироатхон Хошимова учактан түшүп келе жатканда катуу шамал анын чачын үрпүйттү, бирок, жаратылыштын мындай көрүнүшү анын сулуулугун эч жашыра алган жок.

Зироатхон Хошимова Фергана облусунун Коканд шаарында төрөлгөн. Аны үйдө Ойхон деп аташчу. Айыл чарба механизациясы жана ирригация институтунда окуган, ошол жерден болочоктогу жолдошу менен таанышкан. Шавкат Мирзиёев анда институттун комсол комитетинин катчысы болчу. Кийин алар баш кошуп, 3 балалуу болушкан. Эки кыз - Шахноза (Мирзиёева-Шаханова) жана Саида, андан кийин Даврон аттуу уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7419
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу