При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Индияда шишик менен ооруган бала «арбак» атка конду (фото)

Turmush -  Индиянын Бихар штатында жашаган Митхун аттуу бала шишик илдети менен жабыркап келет. Новости Планеты басылмасынын маалыматына караганда, Митхундун кошуналары аны «арбак» деп аташат. Себеби, ал денесиндеги шишик чоңоюп кеткендиктен, үйүнөн чыкпайт.

72383701

Ал эми, Митхундун үй-бүлөсү бул оору баладагы каардуу рухтан улам келип чыккандыгын айтышат. Анын атасынын билдирүүсүндө, уулу 5 жашка чыкканда шишик Митхундун денесине жайылып баштаган.

Шишик илдетине чалдыккан баланын денеси дайыма ооруп, кыйналып турат. Дарыгерлердин айтымында, бала айыгып кете турган шишиктин нейрофиброма түрү менен ооруйт. Ал адамдын терисине жайылып, жумшак ткандарда жана башка органдарда болот. Шишик нервтер менен байланышкандыктан Митхунга операция жасоого болбой тургандыгын дарыгерлер эскертип келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1415
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу