При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Бишкекте 1-класстын окуучусун 25 жаштагы кыз унаасы менен сүзүп кетти

Turmush -  Бишкек шаарындагы Москва жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде 1-класстын окуучусун жеңил унаа сүзүп кетти. Жабырлануучу №13 мектептин окуучусу, деп билдирди Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция кызматы.

Окуя кечээ, 13-майда саат 11:30 чамасында болгон. Honda Inspire (мамлекеттик номуру В 5933 АZ) үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 25 жаштагы кыз жолдо жүрүү эрежесин одоно бузган.

«1-класстын окуучусу Э.А. жеңил жаракат алып, дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүштү. Ал үйүнө чыгарылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Унаа айып жайга токтотулуп, тиешелүү материалдар ШИИБдин тергөө башкармалыгына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×