Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Кыргызстандык Н.Асангулов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло тагынды (фото)

Turmush -  Кыргызстандык балбан Нургазы Асангулов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Маалым болгондой, кечээ, 11-майда 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Н.Асангулов чейрек финалда кытайлык балбанды 10:5 эсебинде жеңди. Ал жарым финалда ирандык спортчуга 5:4 эсебинде утулуп, коло байге үчүн таймашта индиялык Дипак Дипакты 8:1 эсебинде утуп алды.

6cbf97335444ab2781573dc61b844bc0_500_0_0

c03b870e879917e00bf65cb2a3c9ad06_500_0_0

d0258ec51827651ba7a5defa3bb0eb8a_500_0_0

d5661f849a8529c6c7284d161668efe7_500_0_0

24492e92ab5da5714a0f820b4a7baf09_500_0_0

Буга чейин, Азия чемпионатында спортчу Самат Шырдаков да грек-рим күрөшү боюнча 3-орунду ээлеп, коло тагынган.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалгандай, С.Шырдаков 80 килограммдык салмак даражасы боюнча чыгып, 1/4 финалда ирандык балбан Рамин Солтанморад менен беттешип, 8:0 эсеби менен утулду. Бирок, кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүгүн сактап калган. Ал 2012-жылдагы Лондон олимпиадасындагы колонун ээси казакстандык Даниял Гаджиев менен беттешип, жеңишке ээ болду.

Азыркы учурда Азия чемпионаты Индиянын борбору Нью-Делиде өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×