Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Жогорку Кеңештин депутаты баласын мектепке киргизүү үчүн пара бергенин мойнуна алды (толукталды)

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков баласын Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназияга киргизүү үчүн пара бергенин мойнуна алды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын бүгүн, 12-майдагы жыйынында айтты.

Бүгүнкү жыйында өлкөдөгү мектептердин 5 күндүк билим берүү системасына өтүшү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

«Бир класста 40-42ден ашык окуучу бар. Мектепке балаңды киргизүү оор. Мен акча бердим. Мен! Ал эми жөнөкөй эл тууралуу эмне дейбиз?», - деди эл өкүлү.

Анын мындай билдирүүсүнөн кийин журналисттер жазып чыгарын айткан кесиптештери бул тууралуу айтпоого кеңеш беришти. Аларга Р.Момбеков: «Жаза беришсин», - деп жооп берди.

Ал эми, депутаттын бул сөзүн №5 улуттук компьютердик гимназиянын директору Муратбек Жумалиев жокко чыгарды.

Директордун айтымында, Р.Момбеков мындан эки жыл мурун мектепке барып, өзүн Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныштырып, баласын 1-класска кабыл алууну суранган.

«Ооба, мен аны тааныйм. Эки жыл мурун кичүү баласын 1-класска киргизүү үчүн алып келген. Учурда ал 2-класста окуп жатат. Андан башка баласы бизде 5 жылдан бери билим алат. Ал балдарын башка ата-энелер сыяктуу эле киргизген. Мага эч кандай пара берген эмес», - деди директор.

Анын айтымында, депутат ата-энелер мектепке өз каалоосу менен көрсөткөн демөөрчүлүк жардам тууралуу айтышы мүмкүн. Эл өкүлү мектептеги керектөөлөр үчүн 5 миң сомдук жардам көрсөтүүгө макул болгонун кошумчалады.

«Ал каражатты банк аркылуу ата-энелер комитетине которуп берген», - деди директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3654
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу