Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - КУУда эң сулуу кызды тандашты

Turmush -  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттеги эң сулуу кыздар арасында сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. 10-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн финалда таажыга 14 сулуу талапкер болду.

Калыстар тобу финалга жолдомо алган студент кыздардын сырткы сулуулугунан тышкары талантына, кийип чыккан көйнөктөргө жана интеллектуалдык деңгээлине баа беришти. Сынактын жыйынтыгында упайлар менен алдыга чыккан биология факультетинин 3-курсунун студенти Эльвира Жолочиева таажыга ээ болду. Ошондой эле, ага Түркияга 7 күнгө эс алып келүүгө жолдомо берилди.

Андан кийинки орунга 1-курстун студенти Камила Кубанычбекова чыгып, Ысык-Көлдө 10 күн эс алууга эки кишилик жолдомо алды. Ал эми, университеттин экинчи сулуусу наамына 4-курстун студенти Ализа Абасканова ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1410
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу