При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Фото - Сейрек кездешүүчү айгүл гүлү Москва шаарында гүл ачты

Turmush -  Дүйнөдө сейрек кездешүүчү айгүл гүлү Москва шаарында гүл ачты. Ага кыргызстандык мигрант Максатбек Абдырахманов күбө болгонун билдирди.

«Учурда Москва шаарынын Бабушкинский метросу тарапта жашап, иштейм. Бир жума мурун Баткен облусунда өскөн сейрек кездешүүчү айгүл гүлүнүн биз жашаган үйдүн алдында гүлдөп түрганын көрдүм. Алгач ишенбей, айгүл гүлүнүн сүрөттөрүнө салыштырып көрдүм. Андан кийин 1 түп гүл айгүл экенине ынандым.

Бул жерде Кыргызстандан келип иштегендер өтө көп. Алар тамырын алып келип өстүргөн деп ойлоп жатам», - деди М.Абдырахманов.

Айгүл гүлү Баткен районунда эки жерде: Айгүл тоосунда жана Боз-Адыр айылындагы Путоо капчыгайында өсөт. Айгүл тоосундагы гүлгө салыштырмалуу Путоо тоосунда өскөн айгүлдүн түсү саргыч жана бийик болот.

Айгүл тоосу 2015-жылдан бери толук кандуу корукка алынып, корголуп келет. Бирок, Путоо тоосундагы айгүл гүлү корукка алынган эмес. Мыйзам боюнча айгүл гүлүн үзгөндөргө 600 (бир түп үчүн) сомдон айып пул жана административдик айып салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1557
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:13,   26.07.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу