Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Кыргызстандык С.Шырдаков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло тагынды (фото)

Turmush -  Кыргызстандык балбан Самат Шырдаков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалгандай, С.Шырдаков 80 килограммдык салмак даражасы боюнча чыгып, 1/4 финалда ирандык балбан Рамин Солтанморад менен беттешип, 8:0 эсеби менен утулду. Бирок, кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Ал 2012-жылдагы Лондон олимпиадасындагы колонун ээси казакстандык Даниял Гаджиев менен беттешип, жеңишке ээ болду.

Бул мелдеште 3-орунду багындырган С.Шырдаков коло медаль тагынса, 2-орунду алган кореялык спортчу күмүш медаль, ал эми Рамин Солтанморад алтын медаль тагынды.

Азыркы учурда Азия чемпионаты Индиянын борбору Нью-Делиде өтүп жатат.

6e41fc6824fa8d77c1c3cd0aa6ae7661_500_0_0

181ed8da664d519881e35932be2d4ffd_500_0_0

353ba8ce92949e32d0315b389f125eb1_500_0_0

d64510e9d85f193b5b47b2f6bf769036_500_0_0

748a43ba83beda0fd70ee4147e9778ad_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 772
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×