Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Бишкектеги көк бөрү оюнунда Таластын «Ынтымак» командасы баш байгени багындырды

Turmush -  Бишкектеги «Ак кула» ат майданында 9-май — Улуу Жеңиштин 72 жылдыгынын алкагында С.Чокморовдун жана У.Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өттү.
Маалым болгондой, көк бөрү оюнунун финалына чыккан Таластын «Ынтымак» командасы Сокулуктун «Биримдик аюу» командасы менен биринчи жана экинчи орун үчүн беттешти. Оюндун жыйынтыгында «Ынтымак» командасы 1:0 эсеби менен алдыга оозуп чыгып, жарым миллион сомдук байгени утуп алды. Ал эми, 2-орунга 250 миӊ сом, 3-орунга 150 миӊ сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле, «Мыкты улакчы» наамына оюндун эсебин ачкан «Ынтымак» командасынан Карпбек Эшиев ээ болду. Мындан тышкары, «Мыкты ат» наамына «Биримдик аюу» командасынан Кубанычбек Султан уулу минген ат татыды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1105
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×