Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Керемет үндүү Үмүтай Абдышовадан жаңы клип

Turmush -  Таланттуу ырчы Үмүтай Абдышова алгачкы клибин күйөрмандарына тартуулады. «Кызыл гүл болуп Умут жайнайсың» чыгармасынын клиби 1-7-апрель күндөрү Ош облусунун аймагында тартылган. Албетте, көк бөрүгө түшкөн атты чаптырып клип тартуу оңой болгон эмес.

Жаратылыштын сулуулугуна шайкеш келген элдик ырдын клибин тартуу иштери тууралуу ырчы өзү айтып берди.

«Биз баргандан келгенге чейин жаан жаагандыктан жолдор бүт ылай болду. Бийик такалуу бут кийим менен тоого чыгуу, ырдоо кыйын экен. Тик учак менен тартып жатканда бийлеп жатып колумдагы билеригим шар аккан сууга ыргып кетти. Шамалдан улам тебетейимдин үкү топусу да улам учуп жатты. Ал эми, клиптеги аргымак көк бөрүдө ойноп жүргөн ат экен. Мине калсам ала качып кетип, жардын боорунан араң токтоттум», - деди Үмүтай.

Умут1

Умут 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3947
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу