Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

С.Жумагуловдун «Кыргызча жашоо бормулалары» китеби жарыкка чыкты

Turmush -  Белгилүү журналист жана сатирик жазуучу Султан Акторпоктун (Жумагулов) «Кыргызча жашоо бормулалары» аталыштагы китеби жарык көрдү. Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан берки чыгармалары кирди. Бул тууралуу редакцияга автор өзү билдирди.

СЖ

Китепте совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болуу, башкача айтканда эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган. Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна жаңыдан үйүр ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырлары камтылган. Андагы бир катар сатиралык чыгармалары советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт.

Ал эми, китептин 2-бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылды. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүгүүгө кедергисин тийгизип жатканы тууралуу сөз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1802
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×