Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео - Кыргызстандык тай боксчу А.Шевченко дагы эки титулдун ээси болду

Turmush -  Кыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко чемпиондук эки титулду жеңип алды. Ал Phoenix Fighting Championship жана World Muaythai Championship титулу үчүн болгон беттештерде жеңишке жетишти.

Беттеш кечээ, 29-апрелде Ливандын борбору Бейрут шаарында өтүп, А.Шевченко 63,5 кг салмак даражасында мелдешти. Кыргызстандын Тай бокс боюнча федерациясынын билдирүүсү боюнча, анын атаандашы швед спортчусу Иса Тидблад Кескикангас (IsaTidbladKeskikangas) болду.

Антонинаны машыктыруучусу Павел Федотов жана UFC рейтингинде №1 орунду ээлеп турган сиңдиси Валентина Шевченко колдоп турушту.

Беттеште мыкты техника менен тактиканы колдонгон А.Шевченкого 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар тобу бир добуштан жеңишти ыйгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2807
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×