Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Измирде студенттердин эл аралык жолугушуусу өтүп, кыргыз маданияты даңазаланды (фото)

Turmush -  Түркиянын Измир шаарынын Торбалы районунда 28-апрель күнү Эл аралык студенттердин 10-жолугушуусу өттү. Бул жолугушууга дүйнөнүн 50гө жакын мамлекетинен өкүлдөр катышты, деп билдирди Эге университетинде билим алып жаткан кыргызстандык магистрант Мээрим Сыдыгалиева.

Бул күнү ар бир мамлекеттин өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын башка улуттарга тааныштыруу максатында улуттук кийимдерин кийип, буюмдарын көргөзмөгө коюп, келген коноктордун суроолоруна жооп берип жатышты. Иш-чара ар бир улуттун ыр-бийлери менен коштолду.  

«Бул иш-чарага эки жылдан бери катышып келем. Быйылкы жолугушуу өткөн жылдарга салыштырмалуу масштабдуулугу менен айырмаланды. Ошондой эле, кыргызстандык студенттердин саны да мурдагыдан көбүрөөк болду. Жолугушууга келген коноктордун көпчүлүк бөлүгүн лицейден келген окуучулар түзөт. Алар менен баарлашуу, Кыргызстан тууралуу пикирлерин угуу абдан кызыктуу болду. Окуучулар көбүнчө "бул жакка кантип келип калдыңыз?Кыргызстандагы университеттерден кантип билим алсак болот?" деген сыяктуу суроолорду беришет. Биздин салт-санаага кызыгып, өзгөчө боз үйдүн түзүлүшүнө таң калгандар көп.

Жолугушууда “Манас” эпосунан үзүндү да айтылып, ооз комуз, комуз менен күүлөр чертилди. Иш-чарага келген жергиликтүү калк кыргыздардын маданиятына өзгөчө кызыгып, “биз боордош элбиз, түпкү тегибиз бир, бир тууган элдерденбиз” деп жатышты», - деди М.Сыдыгалиева.

Түркияда эл аралык мамилелер бөлүмүндө билим алып жаткан Түгөл Нурмаматов кыргызстандык студенттер иш-чарага активдүү катышып, маданиятыбызды, тарыхыбызды таанытканга аракет кылдык, деп кошумчалады.

«Бул программа ар улуттагы студеттердин достугун, ынтымагын чыңдоо максатын көздөйт. Бул иш-чарада көптөгөн башка мамлекеттерден келген жаңы достор менен тааныштык», - деди ал.

 Эл аралык студенттердин 10-жолугушуусуна Измир шаарынын жана Торбалы районунун жашоочулары, мектеп окуучулары, студенттер жана шаар, район жетекчилери дагы күбө болушту. Бул жолугушуу Торбалы районунун акимчилигинин жана Измир эл аралык студенттердин бирикмесинин колдоосу менен өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×