При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Учкунда 1,5 млн сомго кичи футбол аянтчасы курулуп жатат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Учкун айылында 1 млн 600 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирген.

Анын айтымында, футбол аянтчасы айылда биринчи жолу курулуп жатат.

«Биздин айылда биринчи жолу чакан футбол аянчасы курулуп жатат. Долбоорду Кыргызстандагы АРИС каржылоого алды. Жалпысынан 1 млн 600 миң сомго бүткөрүү пландалган. Бул сумманын 250 миң сому айылдын өздүк салымы болуп эсептелет. Буйруса бул футбол аянтчасы 15-майда толук бүткөрүлүп, ачылышында мелдештер өткөрүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×