Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Билим АКИpress сайтында электрондук китепкана иштей баштады

Turmush -  Билим АКИpress сайтында электрондук китепкана иштей баштады.

Бул шилтеме аркылуу http://bilim.akipress.org/lib окуу китептерин, архивдеги сейрек кездешкен китептерди, диссертацияларды тапсаңыз болот. Бардык материалдар электрондук варианттагы китептерди жүктөп алууга да болот. Сайтта кыргыз жана орус тилинде 1300 китеп бар.

Билим АКИpress басылмасында биринчи кезекте мектеп окуучулары үчүн «Мектептер» рубрикасында китептер жайгашкан. Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн китептер «Китептер» бөлүмүндө орун алган.

Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен «Диссертациялар» категориясынан таанышса болот. Мындан тышкары, сайттан «Манас» эпосунун 2 версиясын жана жогорку окуу жайлар үчүн Манас таануу боюнча китептерди тапса болот.

Билим АКИpress басылмасынын китепканасы дайыма толукталып турат. Биз авторлорду жана актордук укуктардын ээлерин электрондук китептерди китепканага салууга, мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерин сайтты адабий булак катары сунуштоого чакырабыз.
Электрондук версияларды akipress@gmail.com дарегине «Билим АКИpressтин электрондук китепканасына» деген белги менен жөнөтсөңүздөр болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1712
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 45 адам окуп жатат)
×