Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Украиналык А.Саросек эмне үчүн Кыргызстандын атынан Дубайдагы сулуулар сынагына катышып жатат? (фото)

Turmush -  Украиналык Алиса Саросектун Кыргызстандын атынан Queen of USSR Dubai 2017 сынагынын финалына эмне үчүн катышып жаткандыгын уюштуруучулар айтып беришти.

1378026.1.1492684426

Маалым болгондой, бул жылы Кыргызстандын сулуулары аталган сынактын кастингине катышкан эмес.

«Сулуулар сынагынын уюштуруучулары өлкөнүн атынан чыгып жаткан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Сынакка даярдануу учурунда кайсы бир мамлекеттин атынан чыгып жаткан кыз, ал өлкөнүн маданиятын үйрөнөт, улуттук кийим-кечесин тигет, атайын өкүлдөр менен жолугат. Ошондуктан сулуулар кайсы гана мамлекет болбосун, ал өлкөнү татыктуу көрсөтүшөт деп ишенебиз», - деп айтылат маалыматта.

Queen of USSR Dubai 2017 сыныгынын расмий сайты билдиргендей, 13-майда өтө турган финалга Кыргызстандын атынан украиналык Алиса Саросек катышат. Ал Украинанын Одесса шаарынан. Учурда  Дубайда жашайт.

А.Саросек 2011-жылы Miss Ukraine South сынагынын финалисти болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1344
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×