Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык сулуулар Дубайда улуттук мурасты даңазалайт

Turmush -  Дубай шаарында кыргызстандык сулуулар арасында улуттук мурасты даңазалаган сынак өтөт, деп билдирди иш-чараны уюштуруп жаткан кыргыз кызы Жанара Миг Turmush басылмасынын кабарчысына. Ал Дубайда 6 жылдан бери жашап, жеке ишкерлик менен алектенет.

Анын айтымында, учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Сынактын финалы 5-май күнү өтөт. 8 катышуучунун ичинен бешөө Дубайда жашаса, үчөө Кыргызстандан чакырылган. Алдыңкы 3 орундун ээлери үчүн демөөрчүлөр 2100 доллар акчалай байге даярдашкан.

«Сынак Бириккен Араб Эмиратына кыргыздын улуттук маданиятын, мурасын, тарыхын, үрп-адатын жана Кыргыз Республикасын даңазалоо максатын көздөйт. Катышуучулар Кыргызстандын жарандары. Сынактын шарты боюнча катышуучулар 7 облусту, Кыргызстанды тааныштырып, улуттук көйнөк, элечек кийип, улуттук тамак-аштарды жасап, өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Жеңүүчүнү аныктоочу калыстар тобунун курамын Кыргызстандагы жана Дубайдагы маданият тармагындагы белгилүү адамдар түзөт. Сынактын алкагында көрүүчүлөргө Кыргызстандан келген эстрада ырчылары дагы концерт тартуулашат.

Иш-чараны өткөрүү үчүн жергиликтүү мыйзам боюнча керектүү документтер топтолуп, салыктар төлөндү. Сынактын ар бир катышуучусу, Кыргызстандан келүүчү меймандар тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан текшерүүдөн өттү. Учурда уруксат берүү үчүн акыркы чечимди чыгаруучу органдын жообун күтүп жатабыз. Кийинки жумада билеттер сатыкка чыгарылат», - деди ал.

Бул сынак быйыл биринчи жолу өтүп жатат. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген сулууга 1 миң доллар, 2-орундун ээсине 700 доллар, 3-орунду ээлеген катышуучуга 400 доллар акчалай сыйлык берилет. Ошондой эле, жалпы катышуучулар үчүн уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер даярдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1101
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×