При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 30-апрель

Биринчи май райондук соттун имаратына Ө.Текебаевдин тарапташтары чогулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук соттун имаратынын алдына Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынны лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулду. Алар соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылууда.

Белгилүү болгондой, бүгүн эл өкүлүнө карата санкцияны узартуу маселеси каралмак.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 367
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×